Милан шаарындагы галереяда эртең, 3-октябрда фотограф Алимжан Жоробаевдин "Коммунизм мунарыгы" деген көргөзмөсү ачылат. Документалдык фотографиянын устаты болгон Жоробаев өздүк көргөзмөсүнүн идеясы Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы Бишкектин борбордук аянтында Лениндин эстелиги алдындагы алгачкы массалык намаздан улам жаралгандыгын мындайча билдирди:
- 1990-жылдар эле. Бишкектеги чоң аянтка барсам, курман айттан кийин Лениндин эстелиги алдында чалдар намазга жыгылып жатышкан экен. Ошондон бери тартып жүргөм. Апрель окуясынан да бир-эки сүрөт кирди, - деди Миландан Жоробаев "Азаттыкка".
Анын көргөзмөсү ачылып жаткан Лаура Булиан галереясында буга чейин Кыргызстандан Гүлнара Касмалиева, Муратбек Жумалиев, Марат Раимкулов, Казакстандан Саид Атабеков өңдөнгөн заманбап көркөм өнөр өкүлдөрүнүн да эмгектери коюлган. Алимжан Жоробаевдин Италиядагы көргөзмөсү 22-декабрга чейин созулат.