Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Казакстанда журналистке карата сот чечими күчүндө калды


Лукпан Ахмедьяров
Лукпан Ахмедьяров
Батыш-Казакстан облусунун Апелляциялык соту кечээ оппозициялык журналистке каршы буга чейинки соттун чечимин күчүндө калтырды. Июлда “Уральская неделя” гезитинин кабарчысы Лукпан Ахмедьяров жергиликтүү чиновниктин “беделине шек келтирген” деп соттолуп, ага 5 млн.тенге (33 миң доллар – ред.) төлөөгө милдеттендирилген. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык медиа уюму анда соттун чечимин сындап, аны “журналистти айып пул менен сындыруу” деп атаган эле.

Апрелде болсо Ахмедьяровдун өмүрүнө кол салуу да болду. Сентябрда ага каршы “ушак таркатуу” боюнча жаңы айыптар тагылган. Ошол эле айда ал “Журналистикадагы эрдиги үчүн” Питер Маклер атындагы абройлуу эл аралык сыйлыктын ээси деп жарыяланды. Кабарчы өзү ага каршы соттук иштерди саясий себептер менен түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG