Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

AI Египетти кыйноолорду токтотууга чакырды


Кечээ “Эл аралык мунапыс” адам укуктарын коргоо боюнча уюм Египеттеги кыйноо фактылары боюнча эки баяндамасын жарыялады. Анда уюм полиция менен аскерлердин тынч митингдерди күч менен таркатуудагы мыйзамсыз аракеттери документтештирилген фактыларга кеңири токтолгон. Муну менен уюм Египетте күч структуралары кыйноо аракеттерине 2011-жылы президент Хосни Мубарактын бийлиги кулатылгандан кийин деле тартылып жатышканын белгилеген.

“Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) уюмунун АКШдагы аткаруучу директору Сьюзан Носсел жумурияттын жаңы президенти Мухаммад Мурсини “мурдагы бийликтин кандуу мурасын артта калтырып, Египетте эч ким мыйзамдан өйдө турбасын кепилдөөгө” чакырды. Андан сырткары, уюм бийликтерди БУУнун “туш келди камоолорду” текшерүү боюнча эксперттери өлкөгө киришине уруксат берүүгө үндөдү. Мубарактын режими мындан баш тартып келген.

XS
SM
MD
LG