Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Москва НАТОго Сирияга кийлигишүүгө шылтоо издебөөсүн эскертти


Москва НАТОну Сириянын кандуу чатагына аскердик кийлигишүүгө шылтоо издебөөсүн эскертти. Интрефакс агенттигиндеги маегинде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов “Орусия гуманитардык коридорлорго жана буфердик аймактарга” каршы чыкканын айтты.

Гатиловдун сөзү Сирия менен Түркиянын ортосундагы чыңалуу Сириянын артиллериясы Түркияны аткылагандан кийин курчуп бараткан учурга туш келүүдө. Түркия Сирияга эгер бул кайталанчу болсо тиешелүү жообун берерин эскерткен эле.

Гатилов Сирияны жана НАТОго мүчө Түркияны сабырдуулукка чакырып, “Сирия оппозициясында радикалдар өсүп жатат” деп белгиледи. Өткөн жумада Түркиянын премьер-министри Рэжеп Тайып Эрдоган Москваны Сирия бийлигине мамилесин кайра карап чыгышы керектигин айткан эле. Орусия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия президенти Башар Асаддын режимин айыптап, ага каршы санкция киргизилерин эскерткен үч резолюциясына вето салган.

XS
SM
MD
LG