Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Исаков: 8 айда 18 жоокер өлүмгө учурады


Кыргызстанда соңку 8 айда 18 чек арачы жоокер өлүмгө учурады. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында депутат Исмаил Исаков билдирди. Ал кыргыз чек арачыларынын бүгүнкү көйгөйлөрү тууралуу маалымат берүүдө.

Азыр Жогорку Кеңеш Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү маселени, тагыраак айтканда, түштүк аймактагы чек арага жанаша жайгашкан жерлердеги кырдаалды талкуулап жатат.

Былтыр апрелде парламент токтом кабыл алып, чек арадагы абалды жакшыртуу боюнча өкмөткө бир топ тапшырма берген. Бирок, маселенин демилгечиси, депутат Исмаил Исаковдун айтымында, Жогорку Кеңештин токтомунун 20 бөлүкчөсүнүн 14 бөлүкчөсү аткарылган жок.

"Мунун кесепеттери эмнеге алып келди? 8 айда 18 жоокер өлүмгө учурады. Ар бир айда 2-3 өлүм десек болот. 416 аскер кызматкери кызмат шартынын начардыгынан улам өз арызы менен кеткен", - деди Исаков. (RK)

XS
SM
MD
LG