Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кумтөр боюнча митинг баштала элек


Бүгүн Бишкекте өтө турган Кумтөр маселеси боюнча митинг али баштала элек. Акция саат 10до башталат деп айтылган. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, ушу тапта Ала-Тоо аянтында 150дөй киши турат. Алар үн катуулаткычын орнотуп коюшту. Уюштуруучулардан же белгилүү саясатчылардан эч ким көрүнбөйт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу максатында келип турат. Бирок алардын саны көп эмес. Журналисттер арбыныраак.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Роза Нурматованын "Азаттыкка" айтымында, акция саат 12де башталат. Кумтөр кенин иштетүүнү көзөмөлдөө толугу бойдон кыргыз өкмөтүнө өтүүсү керек деген маселе парламентте кайрадан талкууланышын талап кылышат. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча инвестор менен түзүлгөн келишимден жеке пайда алды делген аткаминерлердин тизмеси жарыяланат.

3-октябра Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча ири акция өтөөрүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жарыялаган. Буга чейин ал Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарып, кенди иштетүүнү толугу бойдон мамлекеттин карамагына алуу демилгеси менен парламентке чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG