Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Кумтөр боюнча митингге жер-жерлерден өкүлдөр катышууда


Ушу тапта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Кумтөр маселеси боюнча митинг өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров, "Республика" фракциясынан депутаттар Максат Сабиров, Курманбек Дыйканбаев катышууда. Митингди коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев алып барууда. Акцияга жер-жерлерден келген өкүлдөр катышып жатат. Ысык-Көл облусунан келген Нурлан Ибраев аттуу жаран Кумтөр маселеси туура көтөрүлүп жатканын белгилеп, мунун демилгечиси Садыр Жапаровго бийлик тарабынан кысым болуп жатканын айтты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Роза Нурматованын "Азаттыкка" айтымында, Кумтөр кенин иштетүүнү көзөмөлдөө толугу бойдон кыргыз өкмөтүнө өтүүсү керек деген маселе парламентте кайрадан талкууланышын талап кылышат. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча инвестор менен түзүлгөн келишимден жеке пайда алды делген аткаминерлердин тизмеси жарыяланат.

3-октябра Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча ири акция өтөөрүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жарыялаган. Буга чейин ал Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарып, кенди иштетүүнү толугу бойдон мамлекеттин карамагына алуу демилгеси менен парламентке чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG