Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

“Грузин кыялы” спикер менен министрлердин талапкерлигин талкуулайт


Грузиядагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен “Грузин кыялы” партиясынын лидери Бидзина Иванишвили бүгүн өзүнүн үзөңгүлөштөрү менен чогуу спикер жана министрлик кызматтарга талапкерлерди талкуулай турганын билдирди. Бирок азырынча жаңы министрлердин ысымдары атала элек. Кечээ Иванишвили журналисттердин алдында сүйлөп жатып, акыркы сегиз жыл ичинде өткөрүлгөн реформалардан натыйжа болбогонун белгилеп, алардын кээ бирлерин “күлкүлүү реформа” деп атады. Ал президент Михаил Саакашвилини мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө чакырып, жаңы шайлоонун датасын белгилеш керектигин айткан.

Дүйшөмбү күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыгында “Грузин кыялы” партиясы 55%, ал эми бийликтин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы 40% добуш алган.

АКШ жана Евробиримдик шайлоонун эркин өткөнүн белгилеп, Грузия демократияга дагы бир кадам таштады деп билдирди.

XS
SM
MD
LG