Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

ИИМ: Ташиевди кармоо маселеси каралып жатат


Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Бактыбек Алымбеков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, эгер “Ата-Журт” партиясынын лидерин кармоо тууралуу көрсөтмө болсо, кармалат. ИИМден маалымдашкандай, бийликти басып алууга чакыруу жана ага түздөн-түз аракет кылганы үчүн Камчыбек Ташиевди депутаттык кол тийбестиги коргоп кала албайт.

“Ата-Журт” партиясынын төрагасы, ЖК депутаты Камчыбек Ташиев Кумтөргө байланышкан митингде элди бийликти басып алууга чакырык таштаган деп айтылууда. Азыр Ак үйдү басып алууга аракет кылган деген негиз менен митингдин төрт катышуучусу суракка алынып жатат.

Камчыбек Ташиев өзү “Азаттыкка” митингдин катышуучуларынын үнүн бийликке жеткирүү аракети болгонун айтты. Анын сөзү боюнча эл бийлик менен сүйлөшүүнү каалаган.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык бийликти басып алууга чакырык таштаганы үчүн 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин айыппул төлөө, же бир жылга чейин түзөтүүчү эмгекке чегерүү, же болбосо бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG