Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Укук коргоочу: Милиция жайкын тургундарды да кармады


“Болуш” биримдигинин жетекчиси Сапар Аргынбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда Биринчи Май РИИБинин убактылуу камоочу жайында 22 киши кармалып турат, экөө Орусиянын жараны. Укук коргоочу өзүн да митингге тиешеси жок, жөн эле аянтка жакын жерде жүргөнү үчүн милиция кармап кеткенин айтып, муну бийликтин чагымы деп баалады.

Мурдараак ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбеков Кумтөр алтын кенине байланыштуу митингден чыккан башаламандык үчүн төрт киши милицияда сурак берип жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG