Ирандын борбор калаасы Тегеранда улуттук валюта риалдын курсу кескин төмөндөп кеткенине нааразы болгон жүздөгөн адамдар митингге чыгышты. Алар таштанды салынган чакаларды өрттөп, полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бир нече демонстрант камакка алынганын жергиликтүү полиция маалымдады. Акыркы күндөрү Иран акчасынын долларга болгон курсу 30% төмөндөдү.
Былтыр жыл бою акырындап арзандап жаткан риалдын акыркы айларда наркын кескин жоготуусуна Ирандын ядролук программасына байланыштуу Батыштын санкциясын катуулатуусу кедерги болду.
Былтыр жыл бою акырындап арзандап жаткан риалдын акыркы айларда наркын кескин жоготуусуна Ирандын ядролук программасына байланыштуу Батыштын санкциясын катуулатуусу кедерги болду.