Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Коомдук телеканал күчөтүлгөн кайтарууга алынды


Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат катчысы Нургүл Нусупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Коомдук телеканалды кайтарууга шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринен тышкары элдик кошуундун ыктыярчылары да чыгышат. Бүгүнкү митинг учурунда Коомдук телеканалды басып алууга аракеттер болушу ыктымал деген маалымат тараган болчу.

ИИМ бүгүн түнү менен Бишкекте милиция элдин коопсуздугун сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын министрдин орун басары Бактыбек Алымбеков да журналисттерге маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG