Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ташиевдин тарапкерлери эртең нааразылык акциясына чыгат


Бул тууралуу “Кумтөрдү улутташтыруу” штабынын башчысы Роза Нурматова журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, күч кызматкерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду кармоодо мыйзамсыз аракеттерди жасап, күч колдонушкан. “Ташиевди эрте эле алып кирип кетишкен, Жапаровду алып кирип кеткенден кийин ага адвокатын киргизбей суракка алышты,” - деген Роза Нурматова эртең булардын тарапкерлери Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышарын кошумчалады.

Бүгүнкү Кумтөр алтын кенине байланыштуу болгон митингде Ак үйдү басып алуу аракети фактысы боюнча кылмыш иши козголгону айтылган. Бул иш боюнча күндүзү төрт киши кармалып, сурак берип жатканы кабарланган. Кечке жуук УКМК кызматкерлери митингдин уюштуруучулары: “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду күч колдонуп, эч кандай чакыруу кагазсыз алып кетишкенин партиянын басма сөз кызматы билдирген. УКМК азырынча буга комментарий бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG