Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Түркия Сириянын айрым аймактарына сокку урду


Түркия менен Сирия чектешкен жердеги Акчакле түрк айылына түшкөн бомбадан кийинки көрүнүш, 3-октябрь, 2012
Түркия менен Сирия чектешкен жердеги Акчакле түрк айылына түшкөн бомбадан кийинки көрүнүш, 3-октябрь, 2012
Сирия тараптан коңшулаш Түркияга бомба атылып, беш түрк жараны набыт болгондон кийин түрк аскерлери Сириядагы айрым жерлерге чабуул койгон. Бул тууралуу кечээ кечинде Түркиянын өкмөтү кабарлады.

Түркиянын вице-премьер-министри Булент Аринч: “Түркияга чабуул болду жана анын жарандары андан көз жумду. Буга сөзсүз эл аралык мыйзамдарга ылайык, жооп болот. Биз НАТОнун мүчөсүбүз жана альянстын мыйзамдарына ылайык, анын мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо ага жооп берилет. Биз азыр кыжырыбыз келип эле эч нерсени көрбөй кала тургандай абалда эмеспиз, бирок өзүбүздүн мекенибизге сокку болуп, элибиз өлүп жатса, өзүбүздүн укугубузду коргойбуз", - деди.

Шаршембиде Түркиянын Акчакле айылында бир үйгө бомба түшүп, бир аял жана анын төрт жаш баласы өлгөнү кабарланган. Түрк бийликтери бул боюнча НАТОдогу союздаштары жана Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөн. НАТО болсо азыр анын аскерлери чек арадагы абалга көз салып турушканын айтты. Вашингтондо Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Түркияга Сириядан урулган чабуулга өтө “кейип турганын” айтты.

XS
SM
MD
LG