Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

АКШ Казакстандагы адам укуктарынын абалына кыжаалаттык билдирди


Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов шаршембиде Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушту. Анда Клинтон Казакстандагы адам укуктарына коркунуч келтирген жагдайлар боюнча камтамачылыгын билдирген.

"Мен Казакстанда жаңы кабыл алынган Диний ишеним жөнүндөгү мыйзам боюнча тынчсыздануубузду билдирдим, - деди Клинтон казак министри менен жолугушуудан кийин. - Бул мыйзамдын аткарылышы адамдардын ишенимге байланышкан парзын аткарууну чектебеши керек".

Клинтон мындан сырткары, Казакстанда жарандык коомдун өнүгүшү маанилүү экенине басым жасаганын кошумчалады.

Мамкатчы Казакстанды өзөктүк куралды жайылтпоо аракетинде “глобалдык лидер” деп мактады жана Ооганстандагы аскерлерге жүк ташуудагы Түндүк каттам түйүнүндө “маанилүү байланыш” экенин айтты.

XS
SM
MD
LG