Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы дебаты өтүп жатат


Президент Барак Обама жана анын атаандашы, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни алдыдагы шайлоо боюнча бүгүн алгачкы айтышка чыгышты. Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүп жаткан дебатты PBS телекомпаниясынын журналисти Жим Лерер алып барууда. Талапкерлер ички саясатты, негизинен экономиканы талкуулап жатышат. Митт Ромни өз сөзүндө Обаманын экономикалык саясатын сындап, салыктарды жогорулатуу менен маселе чечилбейт, Америкада эң башкысы эн күчтүү экономика болушу керек деди. Ал эми Барак Обама болсо эң ириде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, америкалыктардын жашоосун жакшыртууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты, ал ошондой эле элдин билимин арттыруу зарылдыгын, бул үчүн 100 миңдеген мугалимдерди колдоо керектигин айтып кетти.

Бүгүнкү айтышты 50 млн.эл көрөрү айтылган. Аны түз ободо улуттук телеканал жана башка бир катар телекомпаниялар көрсөтүшүүдө.

Ал эми вице-президент Жо Байден менен Ромнинин вице-президенттикке талапкери Пол Раяндын айтышуулары 11-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG