Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Премьер-министр Сатыбалдиев АКШ элчисин кабыл алды


3-октябрда болгон жолугушууда тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы өнүгүп бара жатканын канааттануу менен белгилешти деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы. Анда айтылгандай, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Американын жетекчилигине Кыргызстанга берип жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди Ошондой эле ал кыргыз өкмөтү тарабынан мурда башталган реформалар аягына чыгарылып жатканын, сырттан инвестиция тартуу калыбына түшүп келатканын жана кышка даярдык тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчи Памела Спратлен АКШ Кыргызстанга демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG