Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Укук коргоочулар Бекназаровдун Конституциялык палатага талапкер болушуна каршы


Адвокат Нурбек Токтакунов өзбекстандык качкындарды өзбек бийлигине өткөрүп берген киши Конституциялык палатага судья боло албайт деп белгилөөдө. Ал бүгүн Сотторду тандоо кеңеши өтүп жаткан жерге нааразылыгын билдирип чыкмакчы. Бир катар укук коргоочулар Азимбек Бекназаров 2005-жылы Башкы прокурор болуп турган учурунда Анжиян окуясынын качкындарын өзбек бийлигине кайтарып берген деген негиз менен анын Конституциялык палатага талапкерлигин коюусуна каршылыгын билдирип келе жатышат.

Сотторду тандоо кеңеши бүгүн Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун экинчи айлампасын өткөрөт. Талапкерлер жалпы үч бөлүктөн турган сынактан өткөндөн кийин президенттин, андан соң парламенттин кароосуна жиберилет. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG