Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

Бакиров: Койлору кырылган 55 малчынын 15и кредит алган


Жалал-Абадда эмдөөдөн кийин малы кырылган 55 малчынын 15и койлорун көбөйтөм деп банктардан, кредиттик компаниялардан карыз акча алгандар. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында депутат Мирлан Бакиров айтты. Анын пикиринде, өкмөт жабыркаган малчыларга компенсация берүү маселесин чечүүсү зарыл. Себеби карызын төлөө мөөнөтү келип калгандарын банктар артынан түшүп, акча талап кылууда.

Чечек оорусуна каршы эмдейм деп ийне сайдырган 55 малчынын эки миңден ашуун койу кырылды. Ал вакцинаны жеке дарыканадан сатып алышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG