Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Камалган депутаттар боюнча күч түзүмдөрү парламентке маалымат берет


Кыргызстандын күч түзүмдөрү кечээ кармалган депутаттар боюнча Жогорку Кеңешке бүгүн маалымат берет. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

Айрым депутаттар кечээ күнкү кармоо мыйзамсыз экенин айтып, күч түзүмдөрүн айыптаган пикирин билдирсе, айрымдары ким болбосун, депутатпы же катардагы жаранбы, мыйзамды бузса, жооп берүүгө тийиш деди.

Кечээ түшкө маал Бишкектин Ала-Тоо аянтанда Кумтөр маселеси боюнча өткөн митингдин айрым катышуучулары Жогорку Кеңештин темир тосмосунан секирип түшкөн. Алардын башында "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев турганы видеодон көрүнүп турат.

Ташиев жана "Ата-Журттун" парламенттеги фракциясынын башчысы Садыр Жапаров кечээ кечинде 48 саатка кармалып, таңга жуук аларга расмий айып тагылды. Алар "бийликти басып алууга үндөдү, аракет жасады" деп айыпталууда. Ушундай эле айып вице-спикер, "Ата-Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытовго да тагылды. (RK)

XS
SM
MD
LG