Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Жалал-Абадда коопсуздук чаралары көрүлүүдө


Таң эртеден облустук бийликтин алдына баруучу негизги көчөлөрдүн кесилишине коопсуздук кызматкерлери коюлду. Алар "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин камалышына байланыштуу өтө турган митингге тоскоолдук болбошу үчүн автомашиналарды аянтка өткөрбөй жатат.

Партиянын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рашит Сулайманов тынч митинг элдин өтүнүчү боюнча уюштурулуп жатканын "Азаттыкка" билдирген. Камалган депутаттарды бошотуу, Кумтөрдү улутташтыруу талаптары коюлат. Митинг саат 11де башталаары болжолдонууда. Шаарда азыр абал тынч. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG