Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Жалал-Абаддагы митингде эки талап коюлду


Жалал-Абад шаарында ушу тапта митинг өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, 500 дөй киши чогулду. Милициянын эсептөөсү боюнча, митингге 70-80дей адам катышууда. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын пикиринде, аянтта 300-400 киши чогулуп турат.

Эки талап коюлду. Биринчиси - "Ата-Журттун" камалган лидерлерин тез арада бошотуу. Экинчиси - Кумтөр кени боюнча макулдашууну элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен кайра карап чыгуу. Талаптар аткарылбаса мөөнөтсүз нааразылык акция өтөөрү айтылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG