Баш прокуратура камалган депутаттар боюнча расмий маалымат берди. Анда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" партиясынан депутаттары, аталган партиянын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 297-беренеси жана 28-295-беренеси боюнча камалганы айтылат. Бул беренелер өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүү жана бийликти күчтөп басып алуу деген айыптарга негизделет.
Жогоруда аталган беренелер боюнча кылмыш иш Кумтөр маселесине арналган митингдин катышуучуларын бийликти күч менен басып алууга чакырып, кайтарууга алынган мамлекеттик мекеменин ичине кирүү аракети жасалды деген шек менен козголду.
Баш прокуратура мекеме аралык тергөө тобун түздү. Кылмыш иш 3-октябрда козголду. (RK)