Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Бекназаров судьялык кызматка ат салышуусун улантат


Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына ат салышуусун улантат. Бүгүн ал Сотторду тандоо кеңешинин элегинен өтүп, кийинки турга өттү. Он суроонун тогузуна туура жооп берди. Сынактагы баалардын жалпы суммасынын эң төмөнкү чеги 35 балл болсо, Бекназаров 50дөн ашык балл алганын Сотторду тандоо кеңешинин маалымат кызматы кабарлайт.

Бир катар бейөкмөт уюмдар жана айрым укук коргоочулар Бекназаров Конституциялык соттун судьясы болууга укугу жок деп айтып келген. Алар Бекназаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Конституциялык сотту таркатуу тууралуу чечимди кабыл алууга катышканын жүйөө кармаган.

Бирок Азимбек Бекназаров боюнча жакшы ой-пикирлер да түшкөн. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG