"Ата-Журт" партиясынын лидерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча 295-берененин жаза мөөнөтү - 12-20 жыл. Бул тууралуу бүгүн парламентте Баш прокурор Аида Салянова билдирди.
Кечээ Бишкекте Кумтөр маселеси боюнча өткөн митинг Жогорку Кеңештин алдында уланып, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган 30 чакты адам парламенттин темир тосмосунан секирип киргенине байланыштуу үч депутат камакка алынган.
Баш прокуратуранын маалыматында, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" партиясынан депутаттары, аталган партиянын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 297-беренеси жана 28-295-беренеси боюнча камалды. Бул беренелер өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүү жана бийликти күчтөп басып алуу деген айыптарга негизделет. (RK)