Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Сараеводо Улуттук музей жабылды


124 жылдык тарыхы бар Сараево Улуттук музейи жабылды. Музей жетекчилиги каражаттын жоктугунан улам бейшембиде аны жабууга аргасыз болушту. Босния-Герцеговинанын серб, хорват жана босниялык мусулмандардын өкүлдөрүнөн куралган өкмөтү маданий мекемелер үчүн борбордук казынадан акча бөлүп турбайт. Сынчылар музейдин жабылышы үчүн 1995-жылы Батыштын арачылыгы менен түзүлгөн Дэйтон келишими күнөөлүү дешет. Балкандагы урушка чекит коюуну көздөгөн макулдашууда башкарууну бөлүү каралган. Жалпысынан финансылоонун тартыштыгынан дагы 6 музей жана маданий жай жабылуу алдында турат. Улуттук музейде миңдеген байыркы реликвиялар сакталат. Алардын эң баалуусу – 650 жыл илгерки жөөт кол жазмасы, анын баасы 700 миллион долларга жетет.

XS
SM
MD
LG