Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Орусияда Политковскаяны эскерүү жыйынына уруксат берилди


Политковская жөнүндөгү даректүү тасмадан кадр.
Политковская жөнүндөгү даректүү тасмадан кадр.
Москванын бийликтери киши колдуу болгон журналистти эскерүүгө уюштуруучулар каалаган жерди эмес, башка аянтты беришти. “Новая газетанын” журналисти Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда Москвадагы үйүнүн босогосунда атып кетишкен.

Аны эскерүү иш-чарасын уюштуруучулар журналист атылган күнү Москванын борборундагы Пушкин аянтында өткөрүүнү каалашкан. Бирок борбор калаанын администрациясы бул күнү ал жер бош эмес экенин, ошондуктан Новопушкинский аянтына чогулууну, иш-чарага 200 чейин гана адам катыша алаарын айтышты.

Көз карандысыз журналист Анна Политковская Чеченстандагы согуш жөнүндө көптөгөн макалаларында орус өкмөтүн катуу сындаганы белгилүү. Анын өлүмү боюнча ачылган кылмыш иши дале аягына чыгарыла элек.

XS
SM
MD
LG