Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Филиппиндин экс-президенти ооруканада жаткан жеринен камалды


Глория Арройо
Глория Арройо
Экс-президент Глория Арройону мамлекеттик лотереялык кордон 9 млн.доллар уурдаган деп күнөөлөп жатышат. Арройо кан басымы жогорулап, ооруканага жаткырылган болчу. Аны догдурлардын кеңеши боюнча азырынча клиникада калтыра турган болушту.

Буга чейин экс-президентти эки ирет камашкан. Ал шайлоодогу көз боёмочулуктар үчүн сегиз ай түрмөдө жаткандан кийин быйыл июлда чыгарылган эле. Аны пара алган деп да айыпташууда.

Ушул аптанын шаршемби күнү Глория Арройо өлкөнүн парламентине шайлоого катышуу үчүн документ тапшырганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG