Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Дагестанда өлтүрүлгөн жикчилердин бири мурда милицияда иштегени аныкталды


Кечээ Түндүк Кавказдагы Дагестан республикасында жолдогу атышууда куралчан төрт жикчи өлтүрүлгөнү кабарланган эле. Акыркы кабарларга караганда, алардын бирөө мурда милицияда иштеген экен. Садык Алиев милиция кызматкери болуп жүргөн кезде мыйзамсыз куралдуу топторго жардам берип жүргөнүн Орусиянын антитеррористтик комитетинен кабарлашты.

Бейшембиде Дагестандын Буйнакск районунда жолдо милиция кызматкерлери машинени токтотууга аракет кылышканда, аларга ок чыгарышканы айтылган. Атышууда машинедеги адамдардын баары тындым кылынды. Алардын машинесинен курал-жарактар табылганы кабаланууда.

XS
SM
MD
LG