Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Кыргыз ортопеди Сабыр Жумабеков Казакстандын сыйлыгын алды


Ал «Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланганын КР саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Сыйлык дарыгерге Казакстандын Петропавловск шаарында өткөн «Жол кырсыгы учурунда медициналык жардамды уюштуруу. Травматология жана ортопедияда дарылоо жана диагностиканын инновациялык технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда тапшырылды. Ошондой эле жыйында академик Жумабековдун Алматы шаарындагы балдар үйүнө көзөмөл кылып, жардам берип турганы баса белгиленди. Андан сырткары, жыл сайын омуртка, муун жана түрдүү сөөк оорулары менен Казакстандын 1500дөн ашуун жараны Жумабековдун көзөмөлү астында Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып кетишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG