Сынактын жеңүүчүлөрү бүгүн Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сыйланат. Ага ылайык мэрия тарабынан борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери сыйланат. “Балдарга жүрөгүмдү арнайм” сынагы эки этап менен өттү. 1-этабында “Жыл мугалими”, “Мыкты жаш мугалим”, “Мыкты класс жетекчи” жана “Мыкты тарбиячы” деген номинацияда болсо, 2-этабында “Мыкты мектеп”, “Мыкты бала бакча”, “Мыкты короо жана ойноо аянты”, “Мыкты спорт залы” жана башка номинациялар боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталган. Шаардык билим берүү башкармасынын маалымдаганы боюнча жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул иш-чара билим берүүнүн сапатын арттыруу максатын көздөйт.
Кечээ жалпы республикалык “Жыл мугалими-2012” сынагынын жыйынтыгы чыгып, анда 1-орунга Балыкчы шаарындагы №6 орто мектептин англис тил мугалими Калыбек Ийбаков чыккан. Салт боюнча октябрь айынын алгачкы ишембиси мугалимдердин кесиптик майрамы болуп эсептелет.(ZKo)