Кечээ “Ата Журт” партиясынын лидери Камчы Ташиевдин тарапкерлери тоскон Бишкек-Ош жолу кечки саат тогузда жүргүнчүлөрдүн талабы менен ачылды. Ташиевдин тарапкерлери бүгүн Жалал-Абат шаарында парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчы Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотуу талабы менен митинг болорун, эгер талап аткарылбаса Беш-Мойнок айлынын жана Ноокен районунун тушунан Бишкек-Ош жолун кайрадан бууй турганын билдиришүүдө.
Жалал-Абад облустук милициясы жолду ачууга кийлигишпегенин, бирок кырдаал көзөмөлдө турганын маалымдап жатат. Кечээ Ташиевдин тарапкерлери Бишкек-Ош кан жолун Сузак районунун Беш-Мойнок айлынын тушунан бөгөгөн эле. Алар менен Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов жана Сузактын акими Нурболот Мырзахмедов келип сүйлөшкөн.
Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылып, 4-октябрь күнү УКМКнын тергөө абагына камалган.(YA/ZKo)