Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

УКМК: Жогорку Сотко өткөндөр компьютердик тесттен өткөн эмес


Мыйзам боюнча Кыргызстанда Жогорку Соттун жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлер компьютердик тесттен өтпөйт. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Мындай сынактан жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкерлер гана өтүүгө милдеттүү.

Жакында Сот департаментинин эки кызматкери талапкерлерди тестирлөө үчүн компьютердик программанын ишине кийлигишип, "керектүү" жыйынтык чыгарып берүү үчүн пара алды деген шек менен кармалган. Ошондон кийин коомчулукта сынактын мындай ыкмасынын тактыгы боюнча күмөн ойлор жаралып, балким, Жогорку Сотко өткөн судьялар да пара берип өтүп кеткендир деген сөздөр айтыла баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG