Кыргызстандын аймагында жалпы коомдук-саясый абал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жалал-Абад шаарында 150-200 киши чогулуп 3-октябрда камалган депутаттардын коё берилишин талап кылып жатат. Калган облустарда жана шаарларда нааразылык акциялар жок, абал тынч.
Бирок милиция дагы эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
3-октябрда Бишкекте Кумтөр маселеси боюнча уюштурулган митингден кийин "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөнүнө байланыштуу ал бийликти басып алууга ачык үндөдү деген шек менен кармалган. Аны менен кошо ошол митингдин уюштуруучулары - Садыр Жапаров жана Талант Мамытов кармалып, үчөө тең азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта жатат.
Кармалган депутаттардын бошотулушун талап кылган тынч митинг Жалал-Абадда кечээ да өткөн. (RK)