Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Оштун кышка даярдыгы текшерилди


Ошто иш сапар менен жүргөн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн шаардын ТЭЦине барды. Кышка карата даярдык менен таанышты. ТЭЦ жетекчилери аталган ишкана жылуулук берүү сезонуна техникалык жактан даяр экенин айтышты. Учурда 18 миң 300 тонна мазут бар, дагы бир жарым миң тоннадай сатып алыш керек. Ошону менен жазга чейин талап кылынуучу 20 миң тонналык отун камсыз болот. Өзбекстан тарап менен газды үзгүлтүккө учуратпай берип туруу жөнүндө макулдашуу жетишилди. Оштун ТЭЦи мазут жана газ менен гана иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG