Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Путин Рахмонго көзгө атаардын мылтыгын берди


Дүйшөмбү шаарындагы бүгүнкү сүйлөшүүдөн кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго туулган күнүнө деп снайпердин мылтыгын белекке берди. Сүйлөшүүдө Путин 60ка чыккан Рахмон менен соода жана энергетикалык кызматташтыкты талкуулады. Рахмон Орусияны Тажикстандын стратегиялык шериги деп мүнөздөдү. Бүгүнкү сүйлөшүүдө Орусиянын Тажикстандагы аскер базасы жөнүндө көбүрөөк сөз болот деп айтылып жаткан. Бул база боюнча ижара келишимдин мөөнөтү келерки жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG