Биргелешкен тергөө тобунун аты аталбаган тергөөчүсү Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовго «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып койду.
"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, мындан тышкары Камчыбек Ташиевге төңкөрүшкө чакырганы үчүн айып коюлду.
Мындай оор кинелер боюнча 12ден 20 жылга чейинки түрмө мөөнөтү каралган.
Үчөөнүн үстүнөн сот иши бүгүнгө пландалган. Анда депутаттардын 48 сааттык камоо мөөнөтү эки айга чейин узартылышы мүмкүн.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун айланасында жүздөгөн коопсуздук күчтөрү турат.
Жалал-Абадда ата-журтчуларды бошотууну талап кылган митинг таркады, бирок айрым митингчилер кайрадан жол тоскону жатышканын өз кабарчыбыз билдирди.
Шаршембиде Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган демонстрацияда Ташиев чогултандарды бийликти алууга чакырып, өзү иштеген парламентти курчап турган тосмодон ашып түшүүгө аракеттенген.
jch/ba/zb