Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кубат Кожоналиев жана Салмоорбек Дыйканов кармалды


“Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов менен коомдук ишмер Кубат Кожоноалиев кармалганы бүгүн белгилүү болду. Муну ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" тастыкташты. Алдын ала маалыматка караганда, Дыйканов 28-августта Коомдук теле-радиокорпорациясында өтүп жаткан аукционду үзгүлтүккө учураткан ээн баштык аракети үчүн шектелип жатат. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Кубат Кожоналиев болсо 3-октябрдагы окуяларга тиешеси бар деген шек менен кармалган. Ал ошол күнкү митингде алып баруучу болгон. Дыйканов менен Кожоналиев азыр убактылуу кармоо жайында экенин “Азаттыкка” башкы прокуратурадан тастыкташты. Кармалгандарга кандай айыптар тагылары тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.

3-октябрда митингдин арты Ак үйгө чабуулга айланып, анын натыйжасында "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камакка алынган. (AKu)

XS
SM
MD
LG