9-октябрда Кыргызстанга Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) президенти Мишель Платини келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.
- Анын Кыргызстанга сапарынын максаты - кыргыз футболунун инфраструктурасы, оюн майдандарынын абалы менен таанышуу. 9-октябрда Платини “Алай” менен “Алга” командаларыын таймашына күбө болот. Бул оюн “Легенда кубогу” деп аталат. Матчты жеңген командага Мишель Платини кубокту өз колу менен тапшырат.
10-октябрда Мишель Платини Тажикстанга жөнөп кетет. Мишель Франсуа Платини УЕФАнын экинчи мөөнөткө шайланган президенти. “Алтын топ” сыйлыгын үч жыл катарынан алган дүйнөдөгү жалгыз футболчу. Ал ХХ кылымдагы эң мыкты 10 футболчунун арасына кирген француз футболчусу жана машыктыруучуcу катары белгилүү. (AKu/SJ)