Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Пан Ги Мун: Санкциялардан Ирандын катардагы жарандары жабыркоодо


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык санкциялардын кесепетинен катардагы ирандыктар жабыркап жатат деп билдирди. Башкы Ассамблеяга даярдалган отчетто Пан Ги Мун Иранда инфляция, жумушсуздук өсүп жатканын, эң керектеүү дары-дармектер тартыш экенин белгиледи. Санкциялардын айынан гуманитардык иш-чараларды өткөрүү мүмкүн болбой калды, - деди баш катчы. БУУнун Коопсуздук кеңеши, АКШ жана Европа Биримдиги Тегеранды атомдук программасынан баш тарттыруу үчүн бир катар жазалоочу чараларды киргизишкен. Жана бул жылы санкциялар өзгөчө күчөтүлгөн. Иран уран байытуу процесси атомдук курал жасоого багытталган деген дооматтарды чекте кагып келатат.

XS
SM
MD
LG