Рим Папасынын сарайынын мурдагы башчысы, Бенедикт XVI жашыруун документтерин уурдап прессага берген деп, 18 айга кесилген Паоло Габриеленин күнөөсүн понтифик кечириши мүмкүн. Бул тууралуу Ватикандын маалымат катчысы Федерико Ломбарди билдирди. Габриеле түрмөгө жөнөтүлө элек жана дагы эле үй камагында кала берүүдө. Жашыруун документтердин арасында Ватикандагы коррупциялык иштерди ашкерелеген каттар бар.