Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

АКШда жумушсуздар саны азайды


Кошмо Штаттарда жумушсуздук 7,8 процентке ылдыйлады. Бул – Барак Обама бийликке келгенден берки эң төмөнкү көрсөткүч. Сентябрь айынын статистикасы президенттик шайлоого бир айдай убакыт калган учурда жарыяланды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, сентябрь айында менчик фирмалар менен өкмөттүк мекемелер 114 миңдей жумуш орун түзгөн. Обама жумушсуздардын санын азайганын кубаттап, бул көрүнүштү экономиканы жандантуу аракеттеринин жыйынтыгы катары баалады. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, шаршемби күнкү теледебатта президент атаандашы Митт Ромниге уткуруп койду. Республикачылардын талапкери Обаманын экономикалык жана социалдык тармактагы саясатын сындаган.

XS
SM
MD
LG