Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Акыйкатчы Акун: Ташиев уялып жатат, бирок кылмыш кылган жокмун дейт


6-октябрда акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө абагындагы депутат Камчыбек Ташиевге жолукту. Депутат акыйкатчы аркылуу өзүнүн жакындары жана жердештерин митингге чыкпаганга чакырды. Акыйкатчынын айтымында, депутат Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнүн өзү да туура эмес деп баалап, уялып жатканын, бирок жумушка киргизбей койгондо жасаган аракет экенин билдирген. Ал соттун чечимине каршы жана өзүн кылмыш жасаган жокмун деп эсептейт. Турсунбек Акун бүгүн Жалал-Абадда. Ал Камчыбек Ташиевдин жакын туугандары жана жердештери менен жолукту:

-Ташиевдин туугандары “7-апрель, 10-июндагы күнөөлүүлөр ушул убакка чейин жазаланган жок, ага караганда Ташиев темир тосмодон ашса эмне болуптур? Дарбазадан ашканы туура эмес, бирок эмнеге аны террористти кармагандай кармайт?” деп жатышат. Эми алар туугандары, бир туугандары да. Мен баарын сот чечээрин айттым.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев партиялаштары Садыр Жапаров, Талант Мамытов менен 3-октябрдагы митингден кийин Ак үйгө кирип барууга жасалган аракеттерге байланыштуу кылмышка шектелип камалган. (AKu)

XS
SM
MD
LG