Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

ӨКМ айдоочуларды кышкы дөңгөлөккө өтүүгө чакырат


7-октябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунда жааган кардан жол тыгыны пайда болду. Төө-Ашууга жааган кардан улам жол тайгак болуп, жайкы дөңгөлөктүү унаалар жүрө албай калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Түн ичинде туннелдин эки тарабында токтоп калган унаалар азыр азайып, машиналар өтүп жатат. Аталган ашууга кар 5 сантиметр калыңдыкта түшкөн. Ушүк жүрүү коркунучу 8-октябрга чейин болчу. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын башка тоолуу жолдорунда абал жакшы. Канткен менен ӨКМ тоолуу жолдордо жүргөн айдоочуларды кышкы дөңгөлөккө өтүүгө чакырат. (AKu)

XS
SM
MD
LG