Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Израиль белгисиз пилотсуз учакты атып түшүрдү


Израиль куралдуу күчтөрү өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп кирген пилотсуз учакты атып түшүрүштү. Коргоо мекемесинин басма сөз катчысы билдиргенине караганда, кечээ израилдик согуш учактары Жер Ортолук деңизи тараптан учуп келген белгисиз учактын жолун тороп, атып түшүрүшкөн. Ал Израилдин түштүгүндөгү чөлгө кулап түшкүчө өлкө аймагында 20 мүнөт учууга үлгүргөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары учакта жардыргыч заттар табылбаганын, ал чалгындоо максатында гана пайдаланган болушу мүмкүн деп кабарлашууда. Учак Ливанда жайгашкан Хезболла согушкер тобуна таандык деп шектелүүдө. Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Израиль “бул олуттуу инцидентке” кандай жооп кайтарылаарын кийинчирээк караштыраарын билдирди.

XS
SM
MD
LG