Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Жалал-Абаддагы митинг эртең кайра уланганы жатат


Камактагы үч депутаттын укугун коргоо комитетинин Жалал-Абаддагы
төрагасы Рашит Сулайманов облустун айыл-кыштактары менен
Баткен, Ош аймактарындагы аксакалдардын талабы боюнча митинг
8-октябрда кайра жанданаарын билдирди. Айтымында, “Ата-Журт”
партиясынын облустагы өкүлчүлүгүнүн акцияны токтотуу демилгесине
көпчүлүк көнбөй жатат. Аксакалдар жер-жерлердеги элди акцияга
үндөөдө.

Уюштуруучулардын айтымында, дүйшөмбү күнү 10 миңдей адам митингге чыгышы мүмкүн. Анда президент менен Жогорку Кеңешке кайрылууну кабыл алышат. Митингди тынч маанайда өткөрүүгө аракеттер жасалат. Митингчилердин айтымында, айтылып жаткандай жөө жүрүшкө чыгышпайт. Байкоочулар болсо, облбийлик алдындагы көчөгө 10 миң адамдын батуусу мүмкүн эместигин билдиришүүдө.

Жалал-Абаддын айрым жашоочулары тергөө абагына алынган “Ата-Журттун” депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоп митингге чыгып жатат. Аты аталган үч депутат Ак үйгө кирүүгө жасалган аракеттерге байланыштуу кылмышка шектелип, эки айга камакка алынган. (YA)

XS
SM
MD
LG