Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Түрк артиллериясы Сирияга 4-күн катары менен жооп кайтарууда


Түрк артиллериясы кошуна Сириядан кокусунан атылган ракеталарга жооп кайтарууну улантууда. Өткөн шаршембиде ошондой ракетадан түркиялык 5 жайкын тургун мерт кеткен. Окуядан кийин түрк парламенти өкмөткө Сирияда аскердик операция жүргүзүүгө уруксат берген. Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу армия парламент чечимине ылайык иш алып бараарын бышыктап, өлкө аймагына түшкөн ар бир дүрмөткө жооп кайтарылаарын билдирди.

АКШ коргоо министри Леон Панетта эки өлкө ортосундагы чыңалуу кооптуу болуп баратканын эскертти:

- Жаңжал Түркия өңдүү кошуна өлкөлөргө жайылып жатабы же жокпу, азырынча түшүнүксүз. Бирок эки мамлекеттин өз ара атышуулары тынчсыздандырат.

Ал тапта Сириянын өкмөттүк күчтөрү Сирия менен Түркиянын чек ара аймагындагы райондордо козголоңчуларды кайтарып алууга аракеттенип жатышат. Салгылашуулар өлкөнүн башка шаарларында да жүрүүдө.

Кризис башталган 19 айдан бери Сирияда 30 миңдей киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG