Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Кубатбек Кожоналиев эки айга камалды


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту коомдук коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди УКМК тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кожоналиевдин адвокаты Азиз Турдалиев кабарлады. Анын билдиришинче, Кубатбек Кожоналиевге 3-октябрдагы митингге катышып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн деген айып тагылды.

Адвокат тагылган айыптын мыйзамсыз экенин, жакынкы күндөрү Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылаарын билдирди. Анын ырасташынча, Кубатбек Кожоналиев 3-октябрдагы митингге катышканы менен бийликти басып алууга чакырык жасап, Ак үйгө кирүүгө аракет кылган эмес.

3-октябрда “Ала-Тоо” аянтында Кумтөр алтын кенине байланыштуу митинг болуп, аягы Ак үйгө чабуул менен аяктаган. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучулары ЖКдагы “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга аракет жасаган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камалган.

Бул митингди алып барган Кубатбек Кожоналиев 5-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG