Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Кытайда тибеттик бир киши өзүн өрттөп өлдү


Кабарларга караганда, Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразы болгон дагы бир тибеттик өзүн өрттөп, набыт болду. "Эркин Тибет" укуктук тобу менен катар АКШ каржылаган "Эркин Азия" радиосу билдиргендей, 27 жаштагы киши ишемби күнү Кытайдын Ганзу дубанында өзүнө өрт койду. "Эркин Тибет" тобунун билдиришинче, ал Тибеттеги дин жана тил эркиндигине чакырып, Тибетке сүргүндөгү Далай Ламанын кайтып келишин колдоп сүйлөгөн. Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразы болуп, 2009-жылдан бери 50 чакты тибеттик өзүнө өрт койсо, анын 40тан ашыгы кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG