Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Жалал-Абаддагы митинг уланат


Жалал-Абадда “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо митинг бүгүн да уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттарды коргоо комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы Рашит Сулайманов кабарлады.

Сулаймановдун айтымында, тынч митинг Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарындагы тарапкерлердин талабы боюнча уюштурулганы жатат. Анда аталган облустардан келген аксакалдардын атынан президентке кайрылуу жолдонот, андан соң тарап кетишет.

- Кайрылууда “Ата-Журттун” лидерлерине тагылган бийлик басып алууга аракет кылды деген айыпка макул эмес экенибизди айтабыз. Эгер чындап эле бийлик басып алуу ниети болсо атайын даярданышат болчу. Ал эми Ташиев баш болгон депутаттар Кумтөр боюнча митингге бийлик өкүлдөрү чыкпай койгону үчүн эле элдин үнүн жеткирүүгө аракет кылышкан, - деди Сулайманов.

Ошол эле учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов айрым жергиликтүү тургундар жөө жүрүштөрдү уюштурууга камданып жатканын билдирген. Бирок Сулайманов мындай маалыматты четке какты.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр алтын кенине байланыштуу митинг болуп, аягы Ак үйгө чабуул менен аяктаган. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучулары ЖКдагы “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “бийликти басып алууга аракет кылган”, “Конституциялык бийликти кулатууга чакырык жасаган” деген айыптар коюлуп, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган . Буга нааразы болгон депутаттардын Жалал-Абаддагы тарапкерлери 4-5-октябрь күндөрү камалган депутаттарды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп, Бишкек-Ош жолун тосууга чейин барышкан. Бирок акыркы эки күндөн бери мындай нааразылык акциялары токтоп турган.(BkA)

XS
SM
MD
LG